KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Араван райондук сотунун төрагасы Колопов Эдуард Сексенбаевич, судьялар Алтынай Асаналиева,  Тилек Бакалбаев жана жергиликтуу бийликтин өкүлдөрү, прокуратура, ИИБнун, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, аксакалдар сотунун төрагаларынын катышуусунда пикир алмашуу жана методикалык жактан жардам көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдү.

20 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Бакирова Нургуль Жакыповнанын Ош областына болгон иш сапарында, жергиликтуу соттордун сот корпусуна болгон элдин ишенимин жогорулатуу, жарандардын укуктук сабатсыздыгын жоюу максатында жергиликтуу соттордун жергиликтуу бийлик окулдору менен тыгыз иш алып баруусун белгилеген талаптарынын алкагында, бугун Араван районунун сотунун төрагасы Колопов Эдуард Сексенбаевич, судьялар Алтынай Асаналиева,  Тилек Бакалбаев жана жергиликтуу бийликтин өкүлдөрү, прокуратура, ИИБнун, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, аксакалдар сотунун төрагаларынын катышуусунда пикир алмашуу жана методикалык жактан жардам көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдү. Анда жарандардын укуктук сабатсыздыгын жоюу, уйбулоолук зомбулук, кыз ала качуу, эрте никеге туруу жана жашы жетпегендерге карата зомбулуктун алдын алуу, аксакалдар сотунун иш алып баруусу боюнча методикалык жактан кенири тушундурмолор берилди. Коптогон суроо жооптор талкууланып, жер жерлерде элдерге укуктук жактан сабатсыздыгын жоюу максатында байма бай тушундуруу иштерин жургузуу, женил категориядагы жарандык талаштарды сотко чейинки тартипте жеринен чечуу ж.б. маселелер боюнча кенири талкуу болуп, жыйындын катышуучулары мындай иш чараларды дагы улантууну, коптогон суроолорго жоопторду алышкандыктарын айтышып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.