Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев Ош шаардык сотуна барышты.
Алгач Ош шаардык сотунун имаратынын ички-сырткы абалына көңүлүн буруп, ротациядан кийинки которулуп келген судьялардын иш бөлмөлөрү менен таанышып чыкты.
Төрага шаардык соттун судьяларын иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.
Судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен биргеликте иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү маселелерге токтолду.
Сотко келген тараптарга сылык мамиле кылуу менен, ар бир сот кызматкер маданияттуулугун көрсөтүшү керек деди төрага. Анткени, жарандар акыркы үмүтү менен сотко келээрин кошумчалады.
Төрага Ош шаардык сотунун архивинин техникалык жана санитардык абалы менен таанышып, архивди жакшыртуу жагына көңүлүн бурду.
Кошумчалай кетсек Ош шаардык сотунда 25 судья 97 аппарат кызматкери эмгектенет.
Буга чейин төрага Мирлан Боромбаев Ош блусунун административдик сотунун кызматкерлери менен жолугушуу өткөргөнүн белгилейбиз.