KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев Алай жана Ноокат райондук сотторуна барды.

09 июня 2022

Иш сапарынын алкагында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Ош облусунун Алай жана Ноокат райондук сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Төрага жергиликтүү соттордун иш-шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери менен таанышты. Райондук соттордогу жыйында Мирлан Боромбаев сот тутумунда иштеген кызматкерлердин билим деңгээли маданияты, жүрүм-турумуна өзгөчө көңул бурулушу керектигин белгиледи.


Жолугушууда  сот реформасы, сот тутумунда иштеген кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, кадр маселеси, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери талкууланды.


Төрага өзгөчө аталган соттордун санариптештирүү иштерине кызыкты. Сот залдарындагы аудио жана видое системаларынын иштешин текшерип чыкты.


Сот процесстеринин жүрүшүн толугу менен санарипке өткөрүп, электрондук ыкмада иш алып баруу өлкөдөгү сот реформасынын негизги максаттарынын бири экендигин баса белгиледи.


Төрага: “Ротациянын негизги максаты- коррупциялык тобокелдиктерди жоюу. Региондордогу соттордун ротацияланышы соттордун практика алмашуусуна жана сот реформасынын ишке ашуусуна жол ачат. Судьялар менен аппарат кызматкерлеринен биргеликте, ынтымакта иш алып барууну күтөм. Мыйзамдын талабына ылайык иш жүргүзүү сот тутумунун аброюн көтөрөт.”


Аймактардан ротация болуп келген соттордун турак-жайга жайгашуу маселелери дагы чечилип жаткандыгын,  бул боюнча  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып өттү.


Төрага райондук соттордун архивдеринин техникалык жана санитардык абалы менен таанышып, архивди жакшыртуу жагына көңүлүн бурду.


Мындан сырткары төрага Алай райондук сотуна  бөлүнүп, бирок колдонууга бериле элек  имараттын ички сырткы абалдары менен таанышып чыкты. Имараттын ремонт иштерин Ош облустук сотунун Сот департаменти менен биргеликте чечүү жагына токтолуп кетти.