KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун жергиликтүү соттору согуш ардагерлерин 9-май Улуу жениш майрамы менен куттукташты.

07 мая 2021

 


 


Чон-Алай райондук сотунун судьялары 9-май Улуу жеништин күнүнө карата эмгек ардагерлеринен жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алды. 1928-жылы туулган Кудайбергенов Шамшини, 1936-жылы туулган Асанов Козубайды жана Беркмаматов Басаридинге материалдык жактан жардам берип, азык-түлүк менен камсыздашты.


Өзгөн райондук сотунун төрагасы Шаматов Улан Шайлообекович жана судьялары Өзгөн району боюнча жалгыз Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери 1925-жылдын 15-октябрында Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамал-Терек айылында туулган Сатыгулов Турду атабызды, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуш убагында тылда эмгектенген 1927-жылы Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгак айылында туулган Сакмаматова Жамбы энебизди Улуу Ата-Мекендик сугуштун 76 жылдыгы менен куттуктап  акчалай жардам берип жана белектерди тапшырып келишти.


Кара-Суу районундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери жана тылда эмгектенгендерди 9-май Улуу жениш күнүнө карата, 1928-жылы туулган Оморова Аккызды, 1924-жылы туулган Мадымарова Шарапатты, 1931-жылы туулган Кулмурзаев Маникти  Кара-Суу райондук сотунун жамаатынын атынан куттукташып, белектерин тапшырышты.


Алай райондук сотунун жамааты Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда кызмат кылган Алай районунун Конур Дөбө айылынын тургуну 1918-жылы туулган Алишова Кананды Улуу жениш майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырышты. Учурда ардагер 103 жашка чыгып, 7 баланын, 32 неберенин, 99 чеберенин, 6 кыбыранын кадырлуу энеси.


Кара-Кулжа райондук сотунун жамааты 1922-жылы туулган эмгек ардагери Сулубаева Токтоайымды Улуу жениш майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырышты.


Ош облусунун административдик сотунун жамааты 1925-жылы туулган согуш ардагери Жолдошев Касымбайды куттуктады. Согуш ардагеринин учурда 96 жашка чыгып, 50 небере, 60 чебере, 2 кыбыралуу.


Ноокат райондук соту согуш ардагерлери Шарипбаев Абдраим, Кадыров Орунбай, Кубатов Ысак жана Базарбаев Карабайды Улуу жеништин күнү менен куттукташты.


Согуш ардагерлери согуш талаасында көптөгөн апааттуу күндөрдү баштарынан  өткөргөн. Тылдагы ардагер эне-аталарыбыз эли-жери үчүн күн-түн дебей кызмат кылып кара-күч эмгегин аяган эмес. Учурда Ош облусу боюнча 11 Улуу Ата-Мекендик согуштун, 179 оруктун ардагери бар.