KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту жана Сот департаменти “Лотос” балдар үйүнө майрамдык маанай тартуулашты.

02 июня 2022

Ош облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Алмазбек Койлубаев, Ош болустук Сот департаментинин башчысы Кубанычбек Байкишиев 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнө барышты.


Анда Ош облустук сотунун  судьяларынын, Ош болустук Сот департаментинин жана Ош облусунун административдик сотунун жалпы жамаатынын атынан куттукташты.


“Лотос” балдар үйүндө 12 бала тарбияланып келет. Ар бири балага өзүнчө оюнчук,  белек-бечкектер тартууланды. Ошондой эле тарбиячыларына материалдык жактан көмөк көрсөтүлдү.


Уюштурулган майрамдык акция бир аз болсо дагы балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулады.  Буга чейин  Ош  облустук соту  мындай иш чараларды байма-бай өткөрүп келээрин белгилейбиз.