KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды

10 февраля 2022

Бүгүн 2022-жылдын 10-февралында Ош облусундагы жергиликтүү соттордун 2021-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси видеоконференция аркылуу болуп өттү.


Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун 2021-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарларынын милдетин аткаруучулар Айнаш Токбаева жана Нургуль Асанованын, Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаевдин, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басарлары, судьялары, биринчи инстанция сотторунун төрагалары, судьялары жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиевдин катышуусунда видеоконференция байланыш аркылуу өткөрүлдү.


Кеңешмени Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелерди угузду.


Ош облустук сотунун кылмыш иштер жана укук бузуулар боюнча төраганын орун басары Койчубек Жобонов, жарандык-экономикалык иштер боюнча орун басары Эльнара Мадмарова жана административдик иштер боюнча орун басары Алмазбек Абдугапаров 2021-жылдын ишмердүүлүгүн 2020-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаттык көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Анда Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан 2021-жыл ичинде жалпысынан 1670 жазык иши каралып, анын ичинде 309 иш даттанылган, 7917 соттук материал каралып 245 иш даттанылган, 706 жоруктар жөнүндө иштер каралып 88 иш даттанылган, 101 бузуулар жөнүндө иштер каралып бир дагы иш даттанылбаган, 15302 жарандык иштер каралып 913 иш даттанылган, 709 административдик иш каралып 443 иш даттанылганын, ошондой эле 2021-жылда жалпысынан 26405 (2020ж.-21825) иш каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 4580 ишке (20%) көп каралган. Анын ичинен 1998 (2020ж.-1671 (7,6%)) башкача айтканда (7,4%) иш даттанылып, салыштырмалуу 0,2 %га аз даттанылганына токтолушту.


Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев биринчи инстанция сотторунун чечимдери боюнча аткаруу барактарынын аткарылышын жана Ош облусунун жергиликтүү соттордун материалдык жана техникалык абалы боюнча маалымат берди.


Жыйындын соңунда Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап, коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган ж.б. маанилүү маселелерге токтолду.