KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Студенттер менен “Административдик сот өндүрүшү жана өзгөчөлүктөрү” деген темада жолугушуу болуп өттү.

07 февраля 2022

Ош облусунун административдик сотунун  төрагасы Акылбек Досалиев жана судья Темирбек Ибраимов менен  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 2-курсунун студенттеринин ортосунда “Административдик сот өндүрүшү жана өзгөчөлүктөрү” темасында жолугушуу  болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө, коомдогу судьялардын орду, административдик сот өндүрүшү, каралуучу иштер жана алардын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолушту.


Ошондой эле Ош мамлекеттик институтунун 2-курсунун студенттери берилген суроолоруна жоопторду алышып, судьялар менен жолугушуу абдан пайдалуу болгонун жана алардын жакшы билим алуусуна, юрист кесибин тандап алышканы туура экенине ынанышканын белгилешип, судьяларга ыраазычылыктарын билдиришти.