KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму Россиянын Уляновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

31 августа 2022

 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен сот корпусу 454 миң сом чогултуп, Россиянын Уляновск облусунда каза болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү.


Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн арасында томолой жана жарым- жартылай жетим калган балдарга жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, сегиз үй-бүлө аныкталган.

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош шаардык сотунун төрагасы Бакыт Усубалиев, Араван райондук сотунун төрайымы Майракүл Тентиева, Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов жана Кара-Суу райондук сотунун судьясы Аскат Дүйсембиев Ош облусундагы төрт үй-бүлөгө материалдык жардамды беришти.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 21-августунда Россиянын Уляновск облусунда ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Судьялар каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамды тапшырып, үй-бүлөгө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бүтүндөй сот тутуму туугандарынын кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын билдирди.