2022-жылдын 30-сентябрындагы Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 28-июлундагы А.Н. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлдү. Айыпталуучу Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 2, 7-п.п. (боюнда бар аялды өлтүрүү беренеси) менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучуга биринчи инстанция соту 15 жылга эркинен ажыратуу менен жаза белгилеген эле.
Ош облустук сотунун маалымат кызматы.