KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Спорт-ден соолуктун булагы

26 февраля 2022

2022-жылдын 23-февралында “Спорт — ден соолуктун булагы” ураан алдында жана спортту өнүктүрүү боюнча иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын демилгеси менен Ош областынын район-шаардык сот аткаруучулар жана сот приставдар кызмат бөлүмүнүн арасындагы байланышты бекемдөө, ден-соолукту чындоо, спортту өнүктүрүү максатында Ош областтынын район-шаардык сот аткаруучулар, сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлер арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү.  Бул спорттук мелдеште жалпысынан 8 команда  ат салышты.


Волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы багындырды, экинчи орунду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын командасы ээледи, ал эми үчүнчү байгелүү орунга ардагерлер арасынан түзүлгөн Адилет  командасы ээ болду.


Ал эми , футбол боюнча биринчи орунду Ош облусунун сот приставдар кызмат бөлүмүнөн түзүлгөн сот приставдар  командасы багындырышса, экинчи орунду Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары алышты. Ал эми үчүнчү орунга Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы татыктуу болду.


Жалпысынан  мелдешке 8 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталып сыйлуу белектер тапшырылды.


Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.