KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

"Спорт- ден-соолуктун булагы"

07 июня 2022

2022-жылдын 04-июнь айында “Спорт — ден – соолуктун булагы” ураан алдында жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  1993-жылдагы 14-июнь №272 сандуу кабыл алынган токтомунун негизинде Крыгызстандын Юрист күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын демилгеси менен Ош областынын райондук, шаардык сот аткаруучулар жана сот приставдар кызмат бөлүмүнүн арасындагы байланышты бекемдөө, ден-соолукту чындоо, спортту өнүктүрүү максатында Ош областтынын райондук, шаардык сот аткаруучулар, сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ош облустук сотунан түзүлгөн судьялар командасы арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү.      Бул спорттук мелдеште жалпысынан 10 команда  ат салышты.


Аталган иш чарага Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облустук Сот департамент башкармасынын башчысы Кубанычбек Байкишиев катышышты.


Мирлан Боромбаев турнирди ачып жатып, спорт адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн гана жакшыртпастан анын кулк-мүнөзүнө дагы пайдалуу таасирин тийгизе тургандыгын айтты.


Волейбол оюну боюнча катуу таймаштын жыйынтыгында биринчиликти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын командасы багындырды, экинчи орунду Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы ээледи, ал эми үчүнчү байгелүү орунга Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы  ээ болду.


Ал эми , футбол боюнча биринчи орунду Ош облусунун сот приставдар кызмат бөлүмүнөн түзүлгөн сот приставдар  командасы багындырышса, экинчи орунду Ош шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары алышты. Ал эми үчүнчү орунга Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн командасы татыктуу болду.


Жалпысынан  мелдешке 10 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды, ошону менен бирге мелдештин “Мыкты оюнчусу” номинациясында оюнчулар аныкталып сыйлуу белектер тапшырылды.


Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.