Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2022-жылдын 19-апрелиндеги буйругу менен чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун иш алып баруусу жөнүндө нускамага ылайык, эки саатык семинар уюштурду.
Семинарды Кара-Суу райондук сотунун судьясы Гульзат Усакпаева алып барды. Ош облусунун райондук жана шаардык сотторунун бөлүм башчылары, соттун жардамчылары жана ага катчылары катышышты.
Семинардын жүрүшүндө мындан ары ар бир жергиликтүү сотто Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун иш алып баруусу жөнүндө нускамасына ылайык иш алып баруу жөнүндө кеңири сөз болду.
Сот процесстеринин жүрүшүн толугу менен санарипке өткөрүп, электрондук ыкмада иш алып баруу өлкөдөгү сот реформасынын негизги максаттарынын бири.