KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

“Ачык эшиктер күнү” Ош облустук сотунда.

27 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-март күнү Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Ош мамлекеттик университетинин финансы юридикалык колледжинин 3-курсунун студенттерин кабыл алды.


Төрага Мирлан Боромбаев студенттерге Кыргыз Республикасынын сот тутумунун түзүлүшү жана структурасы тууралуу баяндап, Ош облустук сотунда канча сот кызматкери эмгектенишерин, алардын кызматтык милдеттерин, сот адилеттигин жүзөөгө ашырууга көмөктөшүүчү шарттарды, жазык, жарандык жана экономикалык, административдик иштер боюнча сот өндүрүштөрүнүн кароонун жана чечүүнүн тартиптери, АИС жана АВФ программаларынын иштөөсү боюнча кеңири токтолуп өттү. Ошондой эле ар бир студент сабактан кийин келип практика же болбосо соттук отурумга катышып кетүүсү үчүн соттун эшиги ачык экендигин айтып, студенттердин бир катар суроолоруна жооп берди.


Андан соң төраганын орун басары Азамат Алыбаев, студенттерге, райондук жана шаардык соттордо иштерди судья жеке өзү, биринчи инстанциядагы сот катары карай тургандыгын, облустук сотто соттук коллегиялар иштерди апелляциялык тартипте, үч судьядан турган соттук курам тарабынан карала тургандыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте кароо соттук коллегиялардын үч судьядан турган соттук курамы жүзөөгө ашыра тургандыгын айтып, сот адилеттигин жүзөөгө ашырууда судьялар көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет тургандыгын, сот өндүрүшүнүн максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири түшүндүрүп берди.


Төрага, студенттердин талыкпай окуп, билимдүү болуусуна жана азыркы учурда заман талабы боюнча билим алууга жакшы шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн, келечек муундагы кадрлар баарын чечерин, алар өз учуранда эркин мамлекетибиздин жаркын келечегине, өнүгүп өсүшүнө, өздөрүнүн жакшы тарбиясы, үлгүлүү кулк-мүнөздөрү, мекенчилдиктери, илим жана билимге умтулган жакшы сапаттары менен  салымдарын кошооруна ишенээрин айтып, ачык эшиктер күнүн жыйынтыктады.