KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Алай райондук соту жаңыланган имаратка көчтү

27 мая 2024

Бүгүн 2024-жылдын 27-майында Ош облусунун Алай райондук соту жаңы имаратка көчтү.

Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот Департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облустук сотунун жана райондук соттордун судьялары, Ош облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.

Иш чараны Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго сөз берди.

— Урматтуу судьялар жана бүгүнкү иш чарага чакырылган меймандар!

Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсүп жаткандыгын көрсөтүп жатат.

Биздин максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз, жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү жана бул үчүн биз бардык аракеттерди көрүшүбүз керек.

Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук — бул кылдаттыкты талап кылган эриш-аркак жүрүүчү өтө татаал иш.              Мыйзамдуулукка оодарып салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу туура болбос. Соттошкон адам үчүн ар кандай процесстик амалдардын болушу маанилүү эмес, ага процесстин түшүнүктүүлүгү, чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу маанилүү. Андыктан кээ бир тараптардын ар кандай амалдарына азгырылып сот иштерин кароону создуктурууну, ар кандай кызыкчылыктардын аркасынан адилетсиз сот ишин жүргүзүүнү болтурбаңыздар.

Бүгүн Алай райондук соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу имаратка ээ болуп отурат. Бул адилет үйүндө мыйзамдуу, адилеттүү, негиздүү чечимдер кабыл алынып, элдин сотко болгон ишенимин арттырууга бардык аракеттерди көрөсүңөр деп ишенем.

Турак-эмес жай болуп эсептелген бул имарат 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде өткөрүлүп берилген.

Аталган имаратта капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенишет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

Алай райондук сотунун аянты кенен имаратка кирип жатканы, бир гана Гүлчө айылы эмес, бүтүндөй сот тутуму үчүн дагы чоң жетишкендик деп ойлойм.

Канча жылдардан бери аталган соттун кызматкерлери эскилиги жеткен, шарты жок, тар имаратта иштеп келишти.

Сот залдарынын жетишсиздиги, архив көйгөйү дагы орун алып келген. Иш чаранын жүрүшүндө жаңыланган имараттын иш бөлмөлөрү, архиви, усулдук жабдуулары менен таанышып чыгышты.