KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Араван райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Ош областынын Административдик сотунун төрагасы Акылбек Досалиевдин катышуусунда семинар болуп өттү.

06 декабря 2021

Ош областынын административдик сотунун төрагасы Акылбек Досалиев, 2021-жылдын 4-кварталынын окуу планына ылайык, Араван району боюнча келип түшкөн доо арыздарын жалпылоонун негизинде жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүдөгү келип чыккан райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында, Араван районунун айыл өкмөттөрүнүн “Кадастр” ММ Араван филиалынын, Архитектура жана шаар куруу башкармалыгы үчүн, “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби” туурасындагы теманын алкагында семинар өткөрдү.

Семинарга жогоруда аты аталган ишканалардан тийиштүү өкүлдөр толугу менен катышышты.

Ошону менен бирге Ош областынын административдик сотунун төрагасы Акылбек Досалиев, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Сейтек Кулубаев менен жолугушту. Сейтек Дөөлөтбекович, Акылбек Кубатбековичке семинар үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да тыгыз байланышта кызмат алып барууга кызыктар экенин билдирди, ошондой эле жакынкы арада болуучу чогулуштарга да катышып, дагы-да кеңири маалыматтарды берүүсүн өтүндү.