Араван райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери тарабынан 1-июнь “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө карата ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга иш-чара уюштурулду.
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып, майрамга карата белектерди тапшырып, материалдык жактан колдоо көрсөтүп келишти.