Ош облусунун Араван райондук сотунда Араван районунда иш алып барган медиаторлор Т.Алимжанов жана М.Тохтасиновдор менен жолугушу болуп укуктук талаштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиацияны онүктүрүү маселеси боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Уй-бүлөлүк, жарандык, эмгек жана кылмыш-жаза мамилелериндеги укуктук талаш тартыштарды медиация аркылуу жөңгө салуу ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду. Жарандык процессте тараптарды медиатор менен маалыматтык жолугушууга жөнөтүү маселелери да талкуланды.