2024-жылдын 17-майында Өзгөн райондук сотунун судьялары Өзгөн районунун Куршаб айылынын Ы.Бектемиров атындагы орто мектебинин 9,10 жана 11-класстарынын окучууларына “Жашы жетпеген балдардын кылмыштуулугун алдын алуу” темасында ачык сабак өткөрүштү.
Судьялар Эрлан Бекишев жана Чынара Саадабаева окуучуларга кылмыштын түшүнүгү, кылмыштын субьектилери, мыйзамда жашы жетпеген балдар үчүн көрсөтүлгөн жазалар, кылмыштын кесепети жөнүндө кенири баяндама беришти.
Лекциянын жыйынтыгы боюнча викторина жүргүзүлүп, активдүү катышкан окуучуларга белектер тапшырылды. Судьялар билимдүү муун-өлкөнүн келечеги экенин белгилешип, окуучуларга ийгилик каалашты.