KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Дж. А. Джаманбаеванын 2024-жылдын 27-февраль №15-буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменининин) “Акыйкат” медалы менен судьялар сыйланышты:

14 марта 2024

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Дж. А. Джаманбаеванын 2024-жылдын 27-февраль №15-буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  (Омбудсменининин) “Акыйкат” медалы менен төмөндөгү судьялар сыйланышты:



  • Ош облустук сотунун судьясы Миргуль Джаналиева;

  • Ош облустук сотунун судьясы Мира Шамбетова;

  • Ош облустук сотунун судьясы Азизбек Досмамбетов;

  • Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Эрлан Асанов.


 


КР Акыйкатчысынын орун басары Жанибек Жоробаев Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаеванын атынан 5-март Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады, андан сырткары мыйзам алдында баардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошуп келгендигин жана ден соолук, күч кубат, жаркын келечек жана ийгиликтерди жаратуу үчүн кажыбас кайрат каалап кетти.


 


Төрага Мирлан Боромбаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  (Омбудсменининин) “Акыйкат” медалы менен сыйланган судьяларды куттуктап, акыйкатчы менен судьялардын ишмердүүлүгү жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого багытталганын, коомдо адилеттүүлүктү жана укук тартибин камсыз кылууда биздин ролубуз маанилүү экендигин баса белгилеп, КР Акыйкатчысынын орун басары Жанибек Жоробаевке ыраазычылыгын билдирди.


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы.