Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун №139 сандуу 2024-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен тыгыз кызматташуу жүргүзүшкөндүгү үчүн, о.э. 5-март- Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата Сыйлоо жөнүндөгү буйругунун негизинде, ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы менен төмөндөгү судьялар сыйланышты:
- Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев;
- Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Эрлан Асанов;
- Ноокат райондук сотунун судьясы Гулнара Абылкасымова;
- Алай райондук сотунун төрагасы Арстанбек Бектурсунов;
- Өзгөн райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаев;
- Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов;
- Ноокат райондук сотунун төрайымы Чынара Ибраева;
- Ноокат райондук сотунун судьясы Клара Калиева;
- Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Бактыяр Оболбеков;
- Кара-Суу райондук сотунун судьясы Самар Ниязалиев;
- Араван райондук сотунун төрайымы Майрамкул Тентиева;
- Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы Бектурсун Эралиев.
Төрага Мирлан Боромбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен тыгыз кызматташуу жүргүзүшкөндүгү үчүн, ошондой эле 5-март- Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата Сыйлоо жөнүндөгү буйругунун негизинде, ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы менен сыйланган судьяларды куттуктап, -жоопкерчиликтүү ишиңиздерде ийгиликтер коштосун, сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр каалоо менен, ар бир ийгиликтериңиздерде чек болбосун, дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Ош облустук сотунун басма сөз катчысы.