KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун уюшулгандыгынын 100 жылдыгына карата Ош облусунун Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн Алай райондук соту тарабынан ачык эшик күнү уюштурулду.

23 апреля 2024

Анын алкагында, Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Майрам Оморова, судья Арстанбек Бектурсунов, аппарат кызматкерлеринин катышуусунда экскурция жүргүзүлүп, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык мыйзамына ылайык, соттор тарабынан сот адилеттигин конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүштөрүнүн башка формалары аркылуу алардын компетенцияларына кирген талаш-тартыштарды чечүү, кароо жөнүндө түшүндүрмө берди. Андан сырткары жаш балдардын арасында укук бузуу жана кылмыштарды алдын алуу жөнүндө токтолуп түшүндүрдү. Бүтүрүүчү класстар үчүн юридикалык кесип тандоо боюнча кеңештер берилди. Мугалимдерди жана окуучуларды кызыктырган ар кандай суроолорго жооп алышты. Жолугушуунун алкагында мектеп мугалимдери  жана окуучулар жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууну суранышты.