KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев Ички иштер органдары уюштурган иш-чарага катышты

01 ноября 2023

2023-жылдын 31-октябрында Ош облустук  Ички иштер башкармалыгы Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чара уюштуруп, мектеп окуучуларынын арасында сынак өткөрдү.


Окуучулар арасында өткөрүлгөн сынакта Мирлан Боромбаев калыстар тобунун төрагасы болуп катышты. Сынакта райондук мектептерден келген бир нече командалар ат салышып, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып,  кыргыз тилинин баалуулуктарына басым жасашты.


Мындан тышкары сынакка катышкан ар бир команда 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата көргөзмөлөрдү көрсөтүшүп, күч сынашты.


Командалар өздөрүнүн мыкты денгээлдерин көрсөтүшүп, калыстар тобу тарабынан эн мыкты деген командалар табылып сыйлануу менен иш-чара аяктады.