KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев: “Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз чыгармалары менен опол тоодой салым кошкон инсан, адабияттын алп калемгери Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов”

30 ноября 2023

2023-жылдын 29-ноябрында Ош облусттук соту  Ош Улуттук Драма театрында “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышында иш чара өткөрдү


Иш чараны облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып,  эне тилибиздин баалуулуктарына кеңири токтолуп, кыргыз тилинин өнүгүүсунө өз чыгармалары менен опол тоодой салым кошкон инсан катары Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду белгилеп өттү.


Соттун аппарат кызматкерлери  кыргыз тили боюнча көркөм окууларды окуп, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү театралдаштырып аткарышты.


Адабияттын алп калемгери Чынгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз коомчулугуна салым кошуу менен гана чектелбестен, дүйнөнүн 178 тилине которулган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.


Буга чейин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялагандыгын белгилейбиз.