KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев кызматтык иш сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна барды

22 июля 2022

2022-жылдын 21-июлунда Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев иш сапары менен Чоң-Алай райондук сотуна барды.


Мирлан Боромбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облусттук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев менен биргеликте, Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы Бектурсун Эралиев менен жолугуп, жыйын өткөрдү.


Орун которгон судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жакындан таанышып, имараттагы иш бөлмөлөрдүн абалын көрүп, көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Судьялардын  жана аппарат кызматкерлердин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого өз ишинде тактыкты, ыкчам жана  убагында аткарылышын белгиледи.


Сот адилеттигинин мыйзам чегинде жузөгө ашуусуна, аудио, видео-жазуу жана АИС системасы менен иш жүргүзүү сот тутумунун ачык айкындуулугуна, адилеттүүлүгүнө багыттала тургандыгын баса белгиледи.


Ошондой эле, кышы суук келип узакка созулган Чоң-Алай районунда  кышка даярдык, отун жана көмүр менен толук кандуу камсыз болуу жагына көңүл бурулду.


 


Ош облустук сотунун маалымат катчысы А. Туратбек кызы