KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев Сот департаментинин жыйынына катышты

26 июля 2023

2023-жылдын 24-июлунда Ош облусунун администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин  Ош облустук башкармалыгы боюнча  сот аткаруучулары жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.


Жыйынга Сот департаментинин директору  Медербек Сатыев, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев жана сот аткаруучулар катышышты.


Өз кезегинде Мирлан Боромбаев  соттон чечим чыккандан кийин аткаруу өндүрүшүнүн тездетилиши жана сот приставдарынын иш-аракеттери боюнча айтып өттү. Мындан тышкары, жергиликтүү соттордун административдик имараттарында жүрүп жаткан ремонт иштери жана ротация менен келген судьяларга салынып жаткан турак-жайлар боюнча кеп козгоду жана Сот департаментинин кызматкерлерине ийгиликтерди каалап өттү.