KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев иш сапарынын алкагында Алай райондук сотунда болду

22 июня 2023

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Алай райондук сотунун жаңы дайындалган төрайымы Майрам Оморова менен жолугуп, райондук соттун аппарат кызматкерлери менен биргеликте жыйын өткөрдү.Судьялардын жана аппарат кызматкерлердин көңүлүн эмгек тартибин бекем сактоого бурду жана өз ишинде тактыкты, ыкчам жана убагында аткарууга чакырды.


Ошондой эле дисциплинаны так сактап, коррупциялык элементтерди болтурбоону баса белгилеп, жаңы дайындалган төрайымга мындан ары ийгилик каалады.


Мындан сырткары райондук сотко берилген эски административдик имараттын ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты.