KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Мирлан Боромбаев жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары уюштурган спорттук мелдештерге катышты

10 ноября 2023

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу жана Кыргыз Республикасынын ИИМне караштуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан футбол оюну өткөрүлдү.


Ошондой эле Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин арасында волейбол жана футбол оюндары уюштурулду


Жетекчилер арасында уюштурулган спорттук мелдешке облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев катышып, катышкан команда 3-орунду ээледи.


Спорттук оюндар ден-соолукту чындоого, сергек жашоого гана багытталбастан, жергиликтүү бийликтин жетекчилеринин арасында ынтымакка, биримдикке жана достукка багытталган оюн болду.