2023-жылдын 6-мартында Ош облустук сотунун жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Жыйынга облустук жана жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кызматтык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Кесиптик майрамга байланыштуу, облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев облустун бир катар судьяларын жана соттордун аппарат кызматкерлерин Ош облустук сотунун сыйлыктары менен сыйлады.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, Ош шаарынын мэринен жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери тарабынан жиберилген ардак грамоталар жана алкыш барактары бир катар кызматкерлерге тапшырылды.
Ош облустук сотунун маалымат катчысы А.Туратбек кызы