KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

09 сентября 2020

Жаңылык





Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты


 






Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.


Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Ош шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Матисаков сот реформасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аталган соттун ишмердигине санариптештирүүнү киргизүү жөнүндө маалымат беришти.


Учурда Ош шаардык сотунун сот жыйындары өтө турган эки залында аудио жана видео жазуу системасы орнотулганы белгиленди.


Ага сот залдарынан видеоконференц байланыш, аудио жана видео трансляция, аларды жазуу, борборлоштуруп сактоо жана соттук жазууларды башкаруу системасы кирет.


Мындан сырткары, Ош шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы орнотулуп, толук кандуу иштеп жатат. Мында ар бир иш жана ар бир материал бул программа аркылуу автоматтык түрдө катталат жана судьялардын ортосунда текши бөлүштүрүлөт.


Ошондой эле ыкчам жана оңой издөө үчүн архивдик маалыматтарды санарипке өткөрүү милдети турат.


Президент Сооронбай Жээнбеков соттун ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшүн көрүп, аудио жана видео жазуу системасы менен тыкыр таанышты.


Мамлекет башчысы судьялар жана сот кызматкерлери менен баарлашып, санариптештирүү коррупцияны жеңүүдөгү негизги фактор болуп саналарын, андыктан сот системасына санариптештирүүнү киргизүү биринчи кезектеги маселе болуп жатканын белгиледи.


Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле санариптештирүү сот реформасынын негизги бөлүгү болуп саналарын, соттордун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жогорулатууга, адилеттүү сот өндүрүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.











































    










КЫРГЫЗ