2024-жылдын 22-майында Араван райондук сотунун судьясы Нурбек Джолбунов Араван айылындагы Х.Абдуллаев атындагы №13 орто мектебинин 9-11-класстарынын окуучуларына “Балдардын укуктары жана милдеттери” деген аталышта лекция окуду.
Судья окуучуларга балдардын укугу жана милдеттери боюнча кеңири түшүндүрдү. Суроо жооп алышып, лекция жогорку деңгээлде жана жагымдуу маанайда өттү.