KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту балдарды жана үй-бүлөөнү атайын адистештирилген реаблитациялоо борборуна майрамдык маанай тартуулашты

31 мая 2024

Бүгүн 2024-жылдын 31-майында  Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев  1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөөнү атайын адистештирилген реаблитациялоо борборунан кабар алды.


Анда Ош облустук сотунун  судьяларынын атынан куттуктап, балдар жаткан бөлмөлөргө электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды жана башка муктаждыктарына керектөө үчүн материалдык жактан көмөк көрсөтүлдү.


Аталган мекемеде жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып 5  жашка чейинки балдар жалпы 25 бала тарбияланып келишет.