KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

22 сентября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош облустук сотунда  иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарада, төрага Мирлан Боромбаев облустук соттун эмгек жамаатын мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, эне тилибиздин баалуулуктарына кеңири токтолду.


Белгилей кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.


Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, аныктаган бул анын- тили. Эгер улут тилин жоготсо, бара-бара элдүүлүгүн жоготот. Андыктан кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети.