KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда медиация боюнча тренинг.

02 апреля 2024

Ош облусунун Медиация кызматын жетекчиси Авазбек Шамшиев, Ош облустук сотунун аппарат кызматкерлер арасында тренинг өткөрдү.


А.Шамшиев: -Медиация жол жобосу аркылуу чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды жөнгө салууну каалаган жактарга жардам берүү, аны менен коомго өз ара мамилелердин ылайыкташтырылышына көмөктөшүү экендигин, медиация талаш-тартыштын альтернативдүү чечилүүсүнүн эң жумшак формасы болуп эсептелгендигин, медиация талашып-тартышуучу тараптардын убакытын, акчасын жана эмоционалдык күчүн үнөмдөөгө көмөк көрсөткөндүгүн, мадиация чыр-чатактын өзүнө же жеңип чыгууга гана багытталган эместигин, ал конструктивдүү чечимди табууга да аныкталгандыгын, убактылуу чыгымдар  жагынан медиация катышуучулардын муктаждыктарына жараша жеңил түзүлүп, талаш-тартыштын эмоционалдык жана жеке аспектерин эске алуусу мүмкүндүгүн, ушул эле учурда катышуучулардын жеке кызыкчылыктары толугу менен сыр катары сакталгандыгын, анткени медиация жараяны бул купуя жараяндыгын, мадиацияны жардамы менен талаш-тартышты чечүүдө кабыл алынган келишимдер эреже боюнча узак мөөнөттүү жана нерселердин реалдуу абалына жооп берип, анын ишке ашуусуна шарт гана түзбөстөн анын аткарылуусу үчүн  тараптардын өз ара алгылыктуу жана табигый кадам таштаганына да шарт түзөөрүн кеңири айтып өттү.


Медиация-талашкан тараптардын макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун көмөк көрсөтүүсүндө чыр-чатактарды жөнгө салуунун жол-жобосу.


2018-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасында “Медиация жөнүндө” мыйзамы иштей баштады. Бул Мыйзам талаштарды жөнгө салуу боюнча медиациясын колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү  максатында иштелип чыккан.


Медиация-бул талаштарды жөнгө салуу:



  • процедуралык ийкемдүүлүгү жана чыр-чатактарды тез, жеңил чечүү мүмкүнчүлүгү;

  • тараптардын көйгөйлүү маселелерди комплекстүү чечише алышы;

  • сот процесстерине салыштырмалуу убакыттын жана чыгымдардын үнөмдөлгөнү;

  • жетишилген келишимди ыктыярдуу толук аткарууга кызыктарлыгы;


Медиация төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:



  • ыктыярдуулук;

  • тараптардын кызматташуусу жана тең укуктуулугу;

  • медиатордун бейтараптыгы;

  • купуялуулук.


Медиативдик жардам:



  • кеңеш берүү;

  • үй-бүлөлүк медиация жүргүзүү;

  • коммерциялык талашарда медиация жүргүзүү;

  • жер боюнча чыр-чатактарда медиация жүргүзүү.


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы.