KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетинин укук таануу адистигинин 2-3-курсунун студенттери үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.

03 апреля 2024

Төрага Мирлан Боромбаев студенттерге Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери жана кылмыш деп кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун таанылгандыгын, ал эми кылмыштарды классификациялоо, кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнгөндүгүн, кылмыштын оордугу берененин санкциясында көрсөтүлгөн кыйла катаал жазанын жогорку мөөнөтү менен аныкталгандыгын, коркунучтуулугу аз кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралбаган, атайлап жана этиятсыздыктан жасалган кылмыштар киргендигин, анча оор эмес кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайлап жасалган кылмыштар, ошондой эле он жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган этиятсыздыктан жасалган кылмыштар киргендигин, оор кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашык, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайлап жасалган кылмыштар киргендигин, өзгөчө оор кылмыштар мыйзам тарабынан он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайлап жасалган кылмыштар киргендигин, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы, кылмыш жасаганга чейин жашы он алтыга толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиштигин, андан сырткары жарандык жарандык жана экономикалык, административдик иштер боюнча сот өндүрүштөрүнүн кароонун жана чечүүнүн тартиптери, АИС жана АВФ программаларынын иштөөсү боюнча кеңири токтолуп өттү.


Ошондой эле, баардык соттордо иштерди териштирүү ачык түрдө жүзөгө ашырыла тургандыгын, ишти жабык жыйналышта угууга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилерин, соттун чечими ачык жарыялана тургандыгын, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары жана милдеттери, о.э. аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныктала тургандыгын айтып өттү. Ар бир студент сабактан кийин келип практика же болбосо соттук отурумга угуучу катары катышып кетүүсү үчүн соттун эшиги ачык экендигин, сабактан кийин билимдерин өркүндөтүү үчүн дагы да кошумча ийримдерге катышууга, же болбосо спорт менен алектенсе боло тургандыгын, андан сырткары адабий жана юридикалык китепттерди көп окууну, жаштар биздин келечегибиз демекчи, билимдүү, илимдүү болууга каалоо тилегин билдирип, иш чараны жыйынтыктады.