KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын орун басары Азамат Алыбаев жана жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Майрагуль Дуйшенбекова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаровтун “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

11 марта 2024

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев тарабынан келтирилген сунуштун негизинде, өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасашкандыгы, кынтыксыз мамлекеттик кызматы, соттордун ишмердүүлүгүн камсыздоого активдүү катышып келе жатышкандыгы жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Ардак грамотасы” жөнүндөгү жобонун 7-бөлүмүнүн талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  “Ардак грамотасы” менен сыйлоону Азамат Алыбаев жана Майрагуль Дуйшенбекова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасы Акылбек Жапаровтун Ардак грамоталары менен сыйланышты.


Төрага Мирлан Боромбаев өз сөзүндө, -“Ардак грамоталар” менен сыйланган судьяларды куттуктап, алардын көп жылдар бою үзүрлүү иштегендиктерин, о.э. адилет, калыс жана кынтыксыз судья катары көрсөтө алышкандыктарын белгилеп жана Жогорку сотун төрагасы Замирбек Базарбековтун дагы сунушунун негизинде, наам ыйгаруу чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.


Белгилей кетсек, Азамат Алыбаев, 1998-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп эмгектенген.


Майрагуль Дуйшенбекова, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 1-июнундагы  ПЖ №255 жана ПЖ №256 сандуу Жарлыктарынын негизинде курагынын чегине жеткенге чейин судья болуп дайындалып, ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Нарын облустук сотуна жиберилген.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №136 сандуу Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөөгө ашыруу үчүн Ош облустук сотуна которулган.


 


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы.