KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев “Элдик-көзөмөлү Народный надзор” коомдук бирикмесинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңештин мүчөсү Р. Шабдановту, координатор Анаркан Айдарованы, кураторлор Нургазы Мамбетайиповду, Абил Чоткараевди жана Укук коргоо жана сот органдарынын ишине мониторинг, анализ, байкоо жүргүзгөн жумушчу тобун кабыл алды.

26 марта 2024

2024-жылдын 25-март күнү Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев “Элдик-көзөмөлү Народный надзор” коомдук бирикмесинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңештин мүчөсү Р. Шабдановту,  координатор Анаркан Айдарованы, кураторлор Нургазы Мамбетайиповду, Абил Чоткараевди жана Укук коргоо жана сот органдарынын ишине мониторинг, анализ, байкоо жүргүзгөн жумушчу тобун кабыл алды.


Төрага Мирлан Боромбаев-“сот органдарынын ишине мониторинг, анализ, байкоо жүргүзгөн жумушчу тобу менен тыгыз байланышта болуп, жаңы кодекстердеги резонанс жараткан беренелердин азыркы абалы, мыйзамдарды тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте изилдөөнү жана жарандык жана экономикалык, административдик, кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча ачык соттук отурумга катышып байкоо, анализ жүргүзгөнгө толук мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилеп кетти.


Ошондой эле, төрага Мирлан Боромбаевтин 2024-жылдын 25-март №25 сандуу буйругунун негизинде, координатор Анаркан Айдарова, кураторлор Нургазы Мамбетайипов жана Абил Чоткараев-Ош облустук сотунун “Алкышы” менен сыйланышты.


Төрага Мирлан Боромбаев сөзүндө,-“Укук коргоо  жана сот органдарынын ишине мониторинг, анализ, байкоо жүргүзгөн жумушчу тобунун сыйланган кызматкерлерди куттуктаймын, сот укуктук реформасы үч этапта жүзөөгө ашырылып келе жатат, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун, калыстыкты камсыз кылуу максатында (ротация) судьялар башка жергиликтүү сотторго которулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга талапты катуу коюлуп жатат, андыктан Сиздер дагы өзүңүздөрдүн салымыңыздарды кошууга тилектешмин”-деп жыйынтыктады.