Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, админстративдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев мамлекет башчысы тарабынан Жарлык чыгып жаңы дайындалган судьяларды Ош шаардык, Ноокат жана Чон-Алай райондук сотторунун эмгек жамааты менен тааныштырып келишти.
—Ош шаардык сотуна Сейтказиев Данияр Анашович, Тойчиев Азамат Батырбекович;
—Ноокат райондук сотуна Исмаилова Айдана Эмилбековна;
—Чоң-Алай райондук сотуна Азизова Кымбат Руслановна 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык, ант беришкен.
Азамат Джумагулов жана Азамат Алыбаев жаны дайындалган судьяларга, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу бүгүнкү күндүн башкы талабы экендигин белгилешти. Андыктан иштерди мыйзамдын чегинде жана өз убагында кароо менен сот тутумуна ишеним арттырууну, жооптуу жана түйшүктүү кызматтарына ийгиликтерди каалашты.