Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө ылайык, Ош облусунун жергиликтүү сотторунда көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү тазалоо иш-чарасы улантылууда.
Алай райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери тарабынан аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ишембиликте соттун имаратынын ичи-сырты, айланасы, короосу, арыктар тазаланып, таштандылар чыгарылды.