KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун жергиликтүү сотторунун биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгү боюнча онлайн кенешме өткөрүлдү.

17 августа 2021

Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун 2021-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кенешмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары Качыке Эсенкановдун, Нургуль Асанованын, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыровдун катышуусунда видеоконференция байланыш аркылуу өткөрүлдү.


Ошондой эле Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Койчубек Жобонов, Эльнара Мадмарова, Алмазбек Абдугапаров облустук сотунун судьялары жана биринчи инстанция соттордун төрагалары, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев жана Ош облустук сот приставдар кызматынын улук сот приставы Уларбек Жунусов катышышты.


Кеңешмени Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелерди угузду.


Ош облустук сотунун соттук коллегияларынын төраганын орун басарлары 2021-жылдын жарым жылдык ишмердүүлүгүн 2020-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Статистика:


Жазык иштер боюнча Ош облусунун жергиликтүү соттор тарабынан 744 жазык иш, 4482 жазык иштер боюнча соттук материал жана тергөө судьялары тарабынан каралган соттук материалдар, 386 жоруктар жөнүндө иштер, 16 бузуулар жөнүндө иштер каралып, ал эми областтык сотко апелляциялык тартипте даттануу менен 157 жазык иш, 141 жазык иштер боюнча соттук материал  жана тергөө судьялары тарабынан каралган соттук материалдар, 52 жоруктар жөнүндө иштер каралган.


Жарандык жана экономикалык иштер боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгында  жергиликтүү соттор тарабынан  6878  жарандык жана экономикалык иш,  568 жарандык иштер боюнча соттук материалдар каралып, ал эми облустук сотко апелляциялык тартипте даттануу менен 461  иш  каралган.


Ал эми административдик иштер боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгында 367 административдик  иш  теркаралып, ал эми апелляциялык инстанцияда 213 иш каралган.


Жыйындын соңунда Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап, Ош облустук сотунун жана жергиликтүү соттор тарабынан 2021-жылдын жарым жыл ичинде баардыгы болуп 13411 иш каралып, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 4364 ишке (48%) көп каралган.  Анын ичинен 1024 (2020ж. Iж.-876 (9,6%)) б.а.  (7,6%) иш даттанылып, салыштырмалуу 2%га  аз даттанылгандыгы белгиледи.


Кеңешмеге  онлайн катышкан  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов, жергиликтүү соттордун иштерди кароо сапатын жогорку денгээлде көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды.