2023-жылдын 18-мартында Ош облустук сотунун жана Ош облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлеринин жалпы жамааты бүткүл республикалык ишембилик өткөрүү демилгесин кызуу колдошту. Имараттын короосуна мөмө-жемиш дарактарын жана жазгы гүлдөрдүн бир нече сортторун имараттын айланасын көрктөндүрүү үчүн отургузушту.
Ишембиликтин жүрүшүндө имараттын айланасын, ичи сыртын ирээтке келтиришип, иш орундарын тазалашты.