KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

10 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 10-февралында Ош облусундагы жергиликтүү соттордун              2022-жылдын ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу кеңешмеси видео байланыш аркылуу өткөрүлдү.


Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, төраганын орун басарлары Нургуль Бакирова, Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, шаардык жана райондук соттордун төрагалары жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы катышышты.


Кеңешмени Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, күн тартибиндеги каралып жаткан  маселелер менен тааныштырды.


Кеңешменин жүрүшүндө Ош облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев жана  административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Маалыматка ылайык Ош облусунун шаардык, райондук жана административдик соту тарабынан жыл ичинде жалпы 28791  иш каралган.


2021-жылы бул көрсөткүч 27649 ишти түзгөн. Бул 1142 ишке же 4 пайызга көп каралгандыгын көрсөтөт. Анын ичинде апелляциялык инстанцияда жалпы 2170 иш, б.а. иштин 7,5 пайызы даттанылып, 1456 (67%) иш өзгөртүүсүз калса, 457 (21%) жокко чыгарылып, 257 иш (12%) өзгөртүлгөн.


Ал эми ротациядан кийин судьялар тарабынан каралган иштер боюнча, 2022-жылдын май айынан баштап, жалпысынан Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан 19179 иш каралган. Анын ичинен апелляциялык тартипте 761 иш даттанылган.


Каралган иштер боюнча соттук практиканын бирдей болбой жаткандыгы кызуу талкууланып, соттук практиканы жалпылаштыруу боюнча иш чаралар тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы белгиленип, мындан ары ишти жакшыртуу үчүн күч аракеттерди жумшоого судьялар милдеттендирилди.


Кезегинде Сот департаментинин Ош областтык  башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев аткарылган иштери жана жергиликтүү сотторго бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы,  турак-жай маселелери жана сот имараттары боюнча маалымат берди.


Жыйындын соңунда облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев кеңешмени жыйынтыктап, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун айрым иштерди кароодо өзгөртүлүшүнүн жана бузулуусунунун себептери катары, бул материалдык жана процессуалдык нормалардын так сакталбагандыгы, мындан тышкары кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучу менен жабырлануучулардын жарашуу келишимине келишкендиктери да кездеше тургандыгын белгиледи.


Мындан ары коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган маанилүү маселелер айтылып, жыйынтыкталды.


Ош облустук сотунун пресс-катчысы Айпери Туратбек кызы