KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун Административдик сотунун демилгеси менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда тегерек стол өттү

02 июля 2024

Ош облусунун административдик сотунун 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына бекитилген иш планына ылайык, Ош облусунун административдик сотунда “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери” жана  “Жер участокторун менчикке жана пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө”, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында талкуу иретиндеги тегерек стол өткөрүлдү.


Иш-чарага Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев, судьялар Руслан Калдыбаев жана Жаныл Жаныбекова, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат филиалдарынын өкүлдөрү жана Кыргыз Почтасы МИнын Ош филиалынын өкүлү катышышты.


Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жыйынды ачып жатып, Ош жергесинде турак жай курууга же асылдуулугу аз айыл чарба багытындагы жер участокторун менчикке берүү ж.б. маселелер боюнча айрым көйгөйлөр орун алып жаткандыгына токтолду. Ал өз сөзүндө тегерек стол бул багыттагы мыйзам актылары тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле, төрага Дамир Суйналиев Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболорду колдонуу, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы  жөнүндө, ал эми судья Руслан Калдыбаев Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө, ошондой эле судья Жаныл Жаныбекова “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери” тартибин колдонуу боюнча баяндамаларын жасашып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.


Мындан сырткары Ош облусунун административдик сотунун судьялары тарабынан Кыргыз почтасы МИнын Ош филиалынын кызмат көрсөтүулөрүнө сын пикирлер айтылып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.