Капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатиев жана Ош облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Жумагулов, жергиликтүү соттордун судьялары жана төрагалары, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, райондун акими, Кара-Суу шаарынын мэри жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин, прокуратура жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары катышышты.
Төрага өз сөзүндө бул облус үчүн гана эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү окуя экенин, буга чейин үстүбүздөгү жылдын июнь айында иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук сотунда болуп, сот имаратынын кейиштүү абалын көргөнүн белгиледи.
«Ош облусуна болгон иш сапарда бөлмөлөрдүн, сот залдарынын жетишсиздигин көрүп, кызматкерлердин контейнерлерде иштеп жаткандыгына күбө болдук. Андыктан, созулуп жаткан курулуш иштерине байланышкан маселелерди тез арада чечип, жарандарга жана сот кызматкерлерине шарт түзүү тапшырмасы берилген», — деди төрага.
Замирбек Базарбеков соттун жаңы имаратында мыйзамдуу, негиздүү чечимдер чыгып, ак жолтой болуп, адилеттүүлүктүн үйү болушун каалады.
Кара-Суу райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн жооптуу иштерин татыктуу жана жогорку квалификациялуу деңгээлде мындан ары да зор умтулуу менен аткарат деген ишенимин билдирди.