KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү.

02 ноября 2023

2023-жылдын 1-ноябрында Ош облустук жана шаардык сотторунда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү  менен жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сектор боюнча улук адиси Клаус Декер, консультант Уран Эсенгелдиев, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Сагынбек уулу келишти


Жолугушуунун жүрүшүндө кеңири маселелер козголуп, сот тутумун санариптик трансформациялоого байланышкан долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулашты.


Конокторго соттун имараттарын, сот отурум залдарын көрүшүп анда орнотулган аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү менен таанышып чыгышты.