Чон-Алай райондук сотунда Чон-Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан коргонуу ыкмалары, өрт өчүрүүчү каражаттардын түрлөрү жана аларды колдонуу ыкмалары, имараттан калкты эвакуациялоо эрежелери, жеринде кызматкерлерди имараттан эвакуациялоо боюнча окуу жүргүзүлүп, алар өрт өчүрүүчү каражаттар менен колдонууну жана алар менен иштөө чараларын иш жүзүндө көргөзүштү. Окутууга Чон-Алай райондук сотунун жалпы кызматкерлери катышышты.