KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сапарбек Жунусов: “Чечимдер өз убагында аткарылууга тийиш”

12 декабря 2022

2022-жылдын 9-декабрында  Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусовдун  демилгеси  менен Кара-Кулжа райондук соту тарабынан чыгарылган токтомдордун негизинде айып пулдарды өндүрүү жөнүндө атайын тегерек стол өткөрүлдү.


Тегерек столго Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов, судья Э.Карабекова, Кара-Кулжа райондук прокуратурасынан прокурордун жардамчысы Н.Алтынбек уулу,  Кара-Кулжа райондук ИИБнун ЖКККБнун башчысы А.Б.Осеков, Кара-Кулжа РИИБнун  улук кызматкери Т.Ормонбеков жана Кара-Кулжа райондук САКБнун улук сот аткаруучусу Ж.Кадыров катышышты.


Кара-Кулжа райондук сотунун судьялары тарабынан чыгарылган чечимдеринин өз учурунда аткарылышы жана башка бир катар маселелер боюнча талкуу болуп өттү.