2023-жылдын 2-июнунда Ош облусунун администртативдик сотунун иш планын негизинде Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондоруна караштуу административдик органдардын (мэрия, айыл өкмөт, администрация) өкүлдөрү менен тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдо Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев Ош облусунун административдик сотунун аппарат жетекчиси Норузбек Оморов административдик органдардын башчылары, орун басарлары, юристери, жер адистери жана жоопту катчылары катышты.
Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Д.Суйналиев, административдик органдары тарабынан административдик актынын кабыл алуу учурунда мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарууга жана жарандардын укуктары менен керектүү иш материалдарын толугу менен алып келүүсүн, ошондой эле административдик орган тарабынан ишеним кат берүү учурунда мыйзам талабына ылайык берүүсүн сунуштады.