KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотунун төрагалары менен маалыматтык жолугушуу өттү

03 декабря 2022

2022-жылдын 02-декабрында Ош областынын Ош шаардык сотунда, Ош шаардык сотунун төрагасы Бакыт Усубалиев жана судья Аида Жогоштиева аксакалдар сотунун төрагалары менен маалыматтык жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө пайда болгон бир катар көйгөйлүү маселелерге, анын ичинде алардын ишинин материалдык-техникалык жактан жабдылышына токтолушту.

Белгилеп кетчүү жагдай, аксакалдар соттору — булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.