KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жыйын өттү

23 декабря 2022

Бүгүн,  2022-жылдын 23-декабрында Ош облустук сотунда административдик соттук коллегиянын 2022-жылдын иш планына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте “кыймылсыз мүлккө укуктарды жана бүтүмдөрдү каттоо ” жөнүндөгү маселелер боюнча кеңири форматта жыйын өттү.


Жыйынга Ош облустук сотунун судьялары,  административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйуналиев жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин шаардык жана райондук филиалдарынын өкүлдөрү катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө,  кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө катталган укуктардын мамлекеттик корголушун камсыздоо жөнүндө талкуу болду. Мындан тышкары, суроо-жооптор болуп, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жобосуна ылайык, мамлекеттик актыларга даттанууларды сот органдарына жеткирбей чечүү жагы сунушталды.


Ош облустук сотунун маалымат катчысы А.Туратбек кызы