KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда пробация органынын өкүлдөрү менен тегерек стол болуп өттү

19 июля 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 19-июлунда Ош облустук сотунда пробация органынын өкүлдөрү менен тегерек стол болуп өттү.


Жолугушууга облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы өкүлү Уларбек Ешалиев жана Ош шаары боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы Атыргүл Маткабылова, кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын судьялары катышышты.


Судьялар жана пробация органынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн, аны ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга шарттарды түзүү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.


Жолугушуунун негизги максаты мындан ары  сот тутуму менен пробация органынын эриш-аркак иш алып баруусун жана тыгыз кызматташуусун багыттайт.


 


Ош облустук сотунун маалымат катчысы А.Туратбек кызы